Кылмышын жашыруу үчүн милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү милиция кызматкерине кылмышын жашыруу максатында пара берип жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 1972-жылы туулган М.Б бирөөнүн машинасын тартып алууга аракет жасаган деп айыпталып жаткан.

"Ош облусунун тургуну 24-февраль күнү Кара-Суу райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Арызда айдап жүргөн унаасын бирөө тартып алууга аракет жасап жаткандыгы жазылган. Милиция кызматкерлери ал адамды иликтөөгө алышканда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени аныкталган. Ал кылган ишин моюнуна алып, окуяны жаап коюу үчүн милиция кызматкерлерине пара сунуштаган. Милиция кызматкери анын пара сунуштаганы тууралуу жетекчилигине кабарлап, шектүү аталган милиция кызматкерине 136 миң сом пара берип жаткан учурда аны камакка алышкан.

Кийин ага 314-берене (пара берүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда кармалып турат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
RusMos76
2018-03-05 19:03:57
Болот экен го иштесе!
0
amirrus
2018-03-05 19:18:37
136минди алып кетип эле калмак бир нерсе бар жакшылап териштиргиле мурда алып жургон ошон учун сунуштаган да
-1
Kuba_502
2018-03-05 19:29:13
Кармаганына кармашыптыр,эми биздин гумандуу соттор чыгарып жиберишпесе болду
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан