Актриса Фрэнсис Макдормэнддин "Оскар" статуэткасын уурдап кетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кечээ, 5-мартта "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинен кийин уюштурулган кечеде актриса Фрэнсис Макдормэнд өзүнүн жаңы эле ээ болгон "Оскар" статуэткасын уурдатып жиберген.
Белгилүү болгондой, белгисиз киши актриса кеченин башка коноктору менен учурашуу максатында сыйлыгын столдун үстүнө коюп койгон мезгилде уурдап кеткен. Ууру изин жашырган, бирок көп убакыт өтпөй иш-чарада иштеп жүргөн сүрөтчү тарабынан кармалып, сыйлык ээсине кайтарылып берилген. Актрисанын суранычы менен статуэтканы уурдаган адам ошол жерден бошотулган.
Эскерте кетсек, Фрэнсис Макдормэнд "Эббинг жана Миссуринин чек арасындагы 3 билборд" тасмасындагы ролу үчүн "Мыкты актриса" наамын жеңип алган.