Ушул жума ичиндеги Чемпиондор Лигасы менен Европа Лигасынын оюндары Италия курамасынын жана “Фиорентина” клубунун капитаны Давид Асторини 1 мүнөттүк эскерүү менен башталат. Бул тууралуу УЕФА билдирди.
Бул жумада Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын 4 жооптук оюну орун алмакчы. Бүгүн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 01:45те алгачкы оюндар старт алат. Анда “ПСЖ” - “Реал Мадрид” жана “Ливерпуль” – “Порту” командалары кез келет.
Эртең түндө аталган убакта “Тоттенхэм” – “Ювентус” жана “Манчестер Сити” – “Базель” командалары кез келишет. Буга чейинки беттештерде “Реал” – “ПСЖны” 3:1 эсебинде уткан. “Ливерпуль” – “Порту” оюну 5:0 эсебинде англиялык клубдун жеңиши менен аяктаган. “Тоттенхэм” – “Ювентус” 2:2 эсебинде тең чыкса, “Манчестер Сити” – “Базелдин” дарбазасына 4 гол киргизген. 1/8 финалдын калган 4 оюну 14-15-март күндөрү орун алат.
Мындан сырткары, Европа Лигасынын 1/8 баскычындагы 8 беттеш Италия курамасынын коргоочусун эскерүү менен башталат.
Эске салсак, Астори ушул жылдын 4-мартына караган түнү мейманканада уктап жаткан жеринен жүрөгү токтоп калып көз жумган. 31 жаштагы футболчунун өлүмү боюнча Италияда тергөө иши козголгон.