Казакстандын абагында жаза өтөп жатып ачкачылык жарыялап, оозун тигип алган Кыргыз жаранынын талабы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат

Казакстандын абагында жаза өтөп жатып ачкачылык жарыялап, оозун тигип алган Кыргыз жаранынын талабы боюнча текшерүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Казакстандын Тараз шаарындагы түзөтүү абагында жаза өтөп жатып, ачкачылык жарыялап, оозун тигип алган 37 жаштагы Кыргыз жараны Эркинбек Тентимишев 2016-жылы декабрь айында 15 жыл 6 айга соттолгон. Ал ири көлөмдөгү баңгизатын ташууга айыпталган, 3-группадагы майып, оң буту жок. Ден соолугуна байланыштуу ал түзөтүү абагынын, ооруканасында дарыланып жаткан. Кийин анын ден соолугу жакшы болуп калганына байланыштуу түзөтүү абагынын ооруканасынан чыгарылары айтылганда ал ага каршы чыгып оозун тигип, ачкачылык жарыялаган. Тентимишевдин талабы боюнча Казакстандын Башкы прокуратурасы текшерүү иштерин жүргүзүп, аны менен менен прокуратуранын кызматкерлери сүйлөшкөн. Аларга түзөтүү абагынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнүн, эч кандай дооматы жок экенин айткан.

Бирок анын дооматы жок экенине карабастан Казакстандын Башкы прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат жана анын Кыргыз өлкөсүнө которуу талабы боюнча кыргыз тарапка билдирүү жөнөтүшкөн.

Ошондой эле аталган маалыматта буга чейин 2017-жылы 21-июнда Эркинбек Тентимишевди Кыргыз өлкөсүнө которуу боюнча казак тарап билдирүү жөнөтүп, бирок кыргыз тарап баш тартканы айтылат.

Айта кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунан Казакстандын Тараз шаарындагы түзөтүү абагында жаза өтөп жаткан Кыргыз жараны түзөтүү абагынын жетекчилиги улутуна карата кемсинтип жатканын айтып, ачкачылык жарыялап, оозун тигип алганын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2018-03-06 11:05:47
Ушул жигит жон эле подстава болгон ушул мекендешибизге конул буруп иликтеп берсенер жакшы болмок
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан