Кара-Сууда жол кырсыгынан 1 адам каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда жөө жүргүнчүнү жеңил унаа сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 5-март күнү саат 21:00дөр чамасында Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 4-чакырымында болгон. Анда жеңил унаа Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагында 59 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Ал алган жаракаттарынан улам ошол жерден көз жумган.

Ошондой эле басма сөз кызматынан учурда бул окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын, маркумду сүзгөн айдоочунун унаасы айып аянтчасына токтотулганын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан