УКМК 2 жыл ичинде мамлекетке 217 миллион сом зыян келтирген деп айрым бажы жана салык кызматкерлерине иш козгоду

УКМК 2 жыл ичинде мамлекетке 217 миллион сом зыян келтирген деп айрым бажы жана салык органдарынын кызматкерлерине, Экономика министрлигинин айрым кызматкерлерине иш козгоду. Бул тууралуу 6-мартта Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында коррупциялык схеманын негизинде бюджеттик казынадан ири суммадагы каражат чыгарылып кеткендиги белгилүү болгон. Тактап айтканда, айрым юридикалык фирмалар Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөп алгандыгы тууралуу жалган документтерди жасап, салык органдарына берип турушкан. Факты түрүндө кошумча нарк салыктары төлөндү делген товарлар ири соода комплекстердеги ишкерлерге тиешелүү болгон жана алар өздөрүнүн товарларын алып келүүдө бажы жана салык төлөмдөрүн толук түрдө төлөп келишкен.

Коррупциялык схеманын негизинде ал юридикалык фирмалар 2016-жылдан 2018-жылдын башына чейин мамлекеттен 217 миллион сом каражатты мыйзамсыз кайтарып алышкан. Учурда УКМК тарабынан салык жана бажы кызматтарында ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
gute
2018-03-06 15:01:09
Эн жакшы
+8
Adiletia
2018-03-07 11:30:04
Фарид кой иштей бер десе болбой кетип калды. Качайын деп аткан жокпу случайно ыя?
0
KUMKA
2018-03-06 15:18:03
Бир болсо башталды.....
+3
kechirmeni
2018-03-06 15:18:33
Азаматсын Соке, каккан казыгы кучтуу болсо кийиз казык жерге кирет дегендей катуу контролодош керек, керек болсо прокуратура менен УКМКнын озуно да иш козгош керек мурунтан козгобой коз жумуп келгени учун
+7
ilgizk
2018-03-06 15:33:15
БИринчи УКМК аны тазала анан башкасына өт Соке..
+1
jbolotov
2018-03-06 16:32:05
ЖЭБ де дайынсыз болгон 2миллиард 600миллион сомду ким иликтейт эми? Чон чон коррупциялар ачылса эл Жээнбковду колдомок.
+3
Asyl.jazi
2018-03-06 16:52:54
Баары кезеги менен болот го. Сабыр кылып күтө туралы.
+4
Mamiev
2018-03-07 11:07:36
Мындай жанылыкты ачып коёт талкууласын деп.А камады соттоду жеди дегендерди жаап салат комментарий жаза албайсын.Негизи укмк бийликтин колунда да.Кимди кааласа ошону камайт жегенин да жебегенин да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан