Муратбек Кыбраев спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Муратбек Кыбраев 5-марттан тартып 2 жылдык мөөнөткө жаңы кызматка дайындалды. Буга чейин аталган кызматты Жоомарт Шамканов ээлеген.
Муратбек Кыбраев 1964-жылы 21-апрелде туулган. 1986-жылы Крупская атындагы Республикалык спорттук мектеп-интернатын бүтүргөн.
1986-1988-жылдары КГБнын (СССР) чек ара аскеринде кызмат өтөгөн.
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун дене тарбия жана спорт боюнча мугалим адистигин аяктаган.
2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин бүтүргөн.
1992-1997-жылдары "Динамо" дене тарбия жана спорт уюмунда машыктыруучу;
1997-2007-жылдары жеке ишкер;
2007-2010-жылдары "Дордой" спорттук клубу;
2011-2013-жылдары Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынын директорунун орун басары;
2014-2015-жылдары Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынын директору;
2015-2016-жылдары Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайында эркин күрөш боюнча машыктыруучу;
2016-2017-жылдары Ленин районунун Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору;
2018-жылдан азыркы тапка чейин бильярд спорту боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору;
Эркин күрөш боюнча спорт чебери, СССРдин жана Кыргыз курама командасына кирген.