Бүгүн "WEF Global 11" аталышындагы эрежесиз уруш боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бүгүн, 6-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын "WEF Global 11" аталышындагы эрежесиз уруш боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдирди.

Аталган мелдеште 3 чемпиондук кур ойнотулат, анда Ариет Бекишов 57 килограммга чейинки салмак ченинде чемпиондук курун коргосо, Эрлан Нурбек уулу 75 килограммга чейинки салмак ченинде чемпиондук курун коргойт. Ошондой эле 93 килограммдан жогору салмак ченинде Тилек Жээнбеков украиналык Юрий Проценко менен кез келип, WEF'тин чемпиондук куру үчүн беттешет.

Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 18:00до башталат.

Беттештердин тизмеси:

57 килограммга чейинки салмак ченинде:

Данияр Жаныбек уулу (Кыргыз өлкөсү) — Алманбет Абдывасы уулу (Кыргыз өлкөсү);

Рыскулбек Ибраимов (Кыргыз өлкөсү) — Рустам Сайдуллаев (Казакстан);

61 килограммга чейинки салмак ченинде:

Бакыт Өктөм уулу (Кыргыз өлкөсү) — Ахмед Хадаев (Орусия);

Нурлан Курманалиев (Кыргыз өлкөсү) — Бахтиёр Мамажанов (Өзбекстан);

66 килограммга чейинки салмак ченинде:

Нурсултан Рахманберди уулу (Кыргыз өлкөсү) — Муса Юсупов (Кыргыз өлкөсү);

71 килограммга чейинки салмак ченинде:

Магомед Курбанов (Кыргыз өлкөсү) — Санжар Ажибаев (Кыргыз өлкөсү);

Нургазы Балтабаев (Кыргыз өлкөсү) — Алишер Аманов (Казакстан);

Бекболот Абдылда уулу (Кыргыз өлкөсү) — Санжар Эркинов (Өзбекстан);

Ринат Саякбаев (Кыргыз өлкөсү) — Мурат Бактозаров (Казакстан);

73 килограммга чейинки салмак ченинде:

Алманбет Жаныбеков (Кыргыз өлкөсү) — Ахмед Рамазанов (Орусия);

75 килограммга чейинки салмак ченинде:

Алтынбек Мамашев (Кыргыз өлкөсү) — Сагындык Муханов (Казакстан);

77 килограммга чейинки салмак ченинде:

Шерзод Ганиев (Өзбекстан) — Сыргак Арстанбек уулу (Кыргыз өлкөсү);

93 килограммдан жогору салмак ченинде:

Александр Кисарь (Орусия) — Музафар Ражабов (Өзбекстан);

Жыргалбек Чомонов (Кыргыз өлкөсү) — Николай Ибрагимов (Казакстан);

Чемпиондук беттештер:

57 килограммга чейинки салмак ченинде:

Ариет Бекишов (Кыргыз өлкөсү) — Мырзамидин Пазылов (Кыргыз өлкөсү);

75 килограммга чейинки салмак ченинде:

Эрлан Нурбек уулу (Кыргыз өлкөсү) — Экпер Гажиэкперов (Орусия);

93 килограммдан жогору салмак ченинде:

Тилек Жээнбеков (Кыргыз өлкөсү) — Юрий Проценко (Украина).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Uragan07
2018-03-06 12:24:49
Прямой эфир болобу
0
Edward.14
2018-03-06 12:26:48
НТС спорт түз эфир көрсөтөт экен.
+1
nemo2016
2018-03-06 12:40:22
Жээнбеков тилекге ийгилик
+4
Ermekbai
2018-03-06 12:52:31
Баарыңа ийгилик.
+1
Refiri87
2018-03-06 13:14:06
Саат канчада корсотот екен
0
mukanbet00
2018-03-06 13:22:47
Абдылда уулу Бекболот ийгилик братан жеңишиңиз керек сиз
0
nur_92
2018-03-06 14:54:59
Прямой эфирде кайсы каналдан корсок болот
0
dasta
2018-03-06 14:56:49
Saat kanchada bashtAlat eken
0
interpol
2018-03-06 18:16:10
dasta,саат 18:00 дө башталат деп макалада жазылып турат го. Окубай эле ылдый түшүп комментари жаздыңбы
0
interpol
2018-03-06 19:11:39
КТР спорттон берип атат достор көргүлө
0
murat17
2018-03-06 20:35:18
Алга жээнбеков
0
Ankel
2018-03-06 23:32:14
Азаматсың Тилек!
0
Ankel
2018-03-06 23:33:00
Кыргыздын ишеничин, намысын бек сактадың
0
interpol
2018-03-07 00:21:29
Тилек азамат намыска жарады!!! Өзүм жеңгендей болдум, өчтү алдың. Эми көңүлүм жайына түштү, алга КЫРГЫЗСТАН!!! Алга кыргызымдын жигиттери!
0
Bale
2018-03-07 00:29:32
жээнбеков 5
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан