Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда 15 жаштагы кыз асынып алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Алардын айтуусуна караганда, ал өзүнүн моюн орогучуна асынып алган.
"Бүгүн, 6-мартта саат 9:30дар чамасында бул окуя тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге мобилдик батальондун кызматкерлери жана "Тез жардам" кызматы барган. Бирок кызды аман алып калууга мүмкүн болгон эмес. Учурда эмне себептен каза болгондугу иликтенип, териштирилип жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.