Суугу бети-колду каарып, ичиркенткен кыш күндөрүнөн кийин баарыбыз жазды, жазгы майрамдарды күтөт эмеспизби. Алардын ичинде айлананы ажайып кооздукка бөлөп турган өзгөчө күн бар. Ооба, туура таптыңыз. Ал күн - Айымдардын майрамы. 8-Март – аруулукту, назиктикти, мээримдүүлүктү, кеменгерликти, акылмандыкты даңазалаган жана аялзаты болуп көрбөгөндөй камкордукка бөлөнгөн күн. Айымдардын жагымдуу жылмаюусуна татыктуу болууну самаган мырзалар белектердин түрүн тартуулашат.
Урматтуу мырзалар, майрам күнү айымдардын көңүлүнө төп келе турган белек тартуулагыңыздар келеби? Белегиңиздердин өзгөчө жана пайдалуу болуусун каалайсыздарбы?

MegaCom алдыңкы мобилдик оператору 8-Мартка белек камдоонун эң жөнөкөй жолдорун – ыңгайлуу акцияларды сунуштайт:
- 5-марттан 10-мартка чейин компаниянын бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда жана Фирмалык салондорунда "Күмүш" жана "Алтын" категориясынын номурларына 50%, "Платина 7500", "Платина 15000" жана "Платина 30000" категориясынын номурларына болсо 75% арзандатуу каралган!
- Сатуу жана тейлөө борборлорунун бардыгы жасалгаланып, тейлөө кеңселерине келген ар бир кардарды майрамдык маанай күтмөкчү. Мобилдик оператордун бардык абоненттери үчүн МБ жана мүнөттөр топтомдору түрүндөгү жагымдуу бонустар аракетте болот. Балансты 100 сомдон 200 сомго чейин толуктаган учурда интернеттин 100 МБ жана түйүн ичиндеги 50 мүнөт; 200 сомдон 500 сомго чейин толуктасаңыз – интернеттин 512 МБ жана түйүн ичиндеги 75 мүнөт; 500 сомдон жогору сумма үчүн – интернеттин 1 ГБ жана түйүн ичиндеги 100 мүнөт бонус катары берилет;
- Майрам күнү Сатуу жана тейлөө борборлоруна келип "Элдик" жана "Күн-Түн" топтомдорун кошуп алган MegaCom абоненттерин фирмалык азем белектер түрүндөгү жагымдуу белектер күтөт.
Сүйүктүү адамдарыңызга MegaCom менен бирге жагымдуу белектерди тартуулаңыз!