Башкы прокуратура мамлекетке зыян алып келгендиги үчүн Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жоопкер адамдарына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Башкы прокуратура Аскер прокуратурасы менен биргеликте өткөргөн текшерүүнүн натыйжасында Мамлекеттик "Аскер курулуш" ишканасы өлкө казынасына 11 миллион 988 миң сом зыян келтиргени аныкталган. Ишкана курулуш каражаттарын сатып алууда каржыны туура эмес колдонгону жана мамлекеттик сатып алуу иштеринде мыйзамда көрсөтүлгөн тартипти сактабагандыгы белгилүү болгон. Жыйынтыгында, Коргоо боюнча мамлекеттик комиттеттин жана "Аскер курулуш" ишканасынын жоопту адамдарына башкы прокуратура тарабынан 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-берене (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) жана 308-берене (бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу ) менен кылмыш иши козголгон.
"Башкы прокуратура бул иш боюнча фактыны аныктады, учурда иликтөө иштери уланып жатат. Тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн кылмыш иши козголгон жарандар жөнүндө маалымат берилбейт. Иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен маалымат толук айтылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.