Чүйдө таштанды ташыган унаа велосипед менен бара жаткан адамды сүзүп кетти

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Маевка айылында таштанды ташыган унаа велосипед менен бара жаткан адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 6-мартта саат 11:00дөр чамасында Маевка айыл аймагында болгон. Анда велосипед менен бара жаткан адамды таштанды ташыган ЗИЛ үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери барып, жабыркаган адамды унаа жөө жүргүнчүлөр өтө турган атайын белги коюлган жерден өтүп бара жаткан учурда сүзгөндүгүн аныкташкан.

Ошондой эле жол кырсыгына себепкер болгон унаа "Тазалык" ишканасына таандык экенин, жол кырсыгынан жаракат алган адам ооруканага жеткирилгенин да кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан