Бишкек шаарындагы мечиттердин биринде уурулук кылып жүргөнгөн делип шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мечитке келгендердин чөнтөгүндөгү телефон, акчалары уурдалып жүргөн. 14-февралда Бишкек шаарынын тургунунан кымбат баалуу телефонун мечиттен уурдатып жибергендиги туурасында арыз келип түшкөн.
"Бишкек шаарынын тургуну борбордогу мечиттердин биринен телефонун уурдатып жибергенин айтып, милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Ага удаа эле дагы эле ушул мечиттен 2 адам чөнтөгүндөгү 2000-3000 сомдорун уурдатышкан. Ыкчам иликтөө кызматынын негизинде кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган Ж.М кармалды. Башка уурулуктарга да тиешеси бар же жоктугу учурда иликтенип жатат. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дейт басма сөз кызматы.