Германияда жаран 12 жашар баласынын көзүнчө аялын өлтүргөн соң түз эфирге чыккан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Абу аттуу жаран 37 жаштагы аялы экөө 12 жыл бирге түтүн булатып 2 балалуу болгон соң, аялы ажырашууга арыз жазган. Ажырашкандан кийин аялы Абуга балдары менен жолугуп турууга уруксат берген. Балдарына жолукканы келген Абу менен аялы экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аялы Абуну эшикке чыгарып койгон. Аялына жини келген Абу аны 12 жашар баласынын көзүнчө моюнга бычак менен үч жолу сайып өлтүргөн.
Окуя болгон соң, ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан түз эфирге чыккан. Түз эфирде окуя тууралуу айтып берип, аялдарды күйөөлөрүн сыйлап жүрүүгө чакырып, 12 жаштагы баласын жетелеп кетип калган.
Үйүнө келген кызы апасынын жансыз денесин таап, полиция кызматын чакырган. Полиция кызматкерлери кылмышкерди 2 сааттан кийин таап, камакка алышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.