Аламүдүндө 41 жаштагы жаран бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Анын өлүмүнө шектүү катары айылдашы кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 41 жаштагы тургун бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Ал эми анын өлүмүнө шектүү катары ошол эле райондун тургуну кармалганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан 6-мартта кабарлашты. Маалым болгондой, 3-март күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканага Садовая айылынын 1977-жылы туулган Ш.Э. аттуу тургуну бычактан алган жаракатынан улам алынып келип, бирок каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат берилген.

Райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу териштирүү иштерин жүргүзүп, каза болгон адам 3-март күнү саат 18:30 чамаларында ошол эле айылдын башка тургуну менен көчөдө уруша кетип, натыйжада каршылашы анын ичине бычак сайып жибергенин аныктаган. Андан кийин издөө иштери жүргүзүлүп, кылмыш ишине шектүү катары 47 жаштагы П.Е. аттуу тургун кармалды. Алдын ала маалым болгондой, уруш масчылыктан улам келип чыккан.

Факты боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан