Бишкек ШИИББи: "Бишкекте 60тан ашык кыз онлайн порнокызматын көрсөтүп келген"

Бишкек шаардык милициясы интим кызмат көрсөткөндөр боюнча иликтөө иштерин улантып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын башынан бери 119 кызды каттоого алышкан, алардын ичинен 64 кыз интернет аркылуу интим-кызматынын жеңил түрүн көрсөткөндүгү аныкталган. Ушул жылдын башынан бери Бишкек шаарында онлайн интим кызматын көрсөткөн эки факт катталып, кылмыш иши козголгон.

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган профилактикалык иштерди жүргүзүү учурунда Бишкек шаарында интернет аркылуу виртуалдык төшөк кызматын көрсөтүүгө үндөгөн студиялар бар экени жөнүндө арыз түшкөн.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кыздарды онлайн интим кызматын көрсөтүүгө үндөп жүргөн тараптар аныкталып, бул ишке шектүү катары эки адам колго түшүрүлдү.

Учурда кармалган жарандарга карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Кармалган жарандар соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Begmat1992
2018-03-06 20:46:17
Кыргыздын кыздарына жарашабы ушул иш ойлоп анан кылгылачы бир иш кылсанар
+14
karakulja
2018-03-06 21:03:18
Ынсап берсин Аллахым!
+3
tyrgon
2018-03-06 22:28:05
жанагы маршурткада жургондон уялган депутат кайда кетти эми уялып атып жок болуп кеткенго ошондон ары эми балп эткенден коркуп калганго
+7
nuri1
2018-03-06 23:01:00
Жакырчылык себеп баарына. Экономиканы котормоюн кылмыш, проституция, деген нерселер жоголбойт. Иш орундарын тузуш керек. Асманды карап алып Кудай берет деп отура бербей, кудайчыл болуп.
-5
zamir.pochta
2018-03-06 23:29:20
nuri1, кудай да аракет кылсан анан берет. Аракети жок адамга жумуш ордун алтындан куруп берсе да айырмасы жок
+7
MNK.88
2018-03-07 16:44:31
nuri1,сенда жакырчылык деп чыгып ал анда!!! Кыздарга емес кыргыздарга ыйман берсин.
+1
nargiz94
2018-03-06 23:15:30
Ушунча болду эми, сойкуканаларды да тинтип, жапчусун жаап, камакка алчусун албайбы. Шудундогон кыздар да оздору куноолуу, оной оокатка азгырылып. Ошол алган акчасына кантип тамак ичет билбейм
+2
yrmat88
2018-03-06 23:20:01
Мага бары бир. Билген куурдагын жей беришсин. Азыркы заманда бирооно бироо тамак таап беребейт.
-4
Boika1986
2018-03-06 23:42:55
Бишкек голивуд болуп кеткенби 64 бул минимум болсо керек.Ынсап берсин адашкандарга.
+2
Akylai85
2018-03-07 00:15:55
Суйунуп атышкандыр жырный сабашка чыкты деп полистер
+3
rysik79
2018-03-07 00:23:26
Баягы эле ичкен кутулуп, жалаган тутулуп дегендей да.
+1
Akylai85
2018-03-07 00:24:22
Доляга отурат жаптык камадык деп акча алат болдуда алар дагы коркпойт алса акчасын алат жанымды алабы деп акча чечет баарын чыгып кайра ишин улантышат долясын берип койуп
+2
Taalaibek92929
2018-03-07 10:25:48
Ошо кармалгандар доля токпой аткандары кармалатта. Андай жерлерге копчулугуно менттер крышавать этет экен. Долясын алып кайра жонототта ийгилик ишинерге деп
0
Refiri87
2018-03-07 11:14:38
Женил откатка конгон кыздарын жазалаш керек жон койбербей уйуштуруучуларын да мамлекетти куноолоштун кажети жок адам озу тандап барып атпайбы ошол кесипти
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан