WEF GLOBAL 11: Кыргыз мушкери Тилек Жээнбеков чемпиондук курдун ээси болду

6-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын "WEF Global 11" аталышындагы эрежесиз уруш боюнча эл аралык мелдеште Кыргыз мушкери Тилек Жээнбеков оор салмак категорияда чемпиондук курдун ээси болду.

93 килограммдан жогору салмак ченинде орун алган беттеште Тилек Жээнбеков украиналык Юрий Проценкого туш келди. Беттеш учурунда Тилек Жээнбеков өзүн мыкты көрсөтүп, атаандашына бир топ кооптуу соккуларды узатты. Ал эми Юрий Проценко Кыргыз мушкердин соккуларын сезбегендей, атаандашын партер абалына алып келүүгө шашылып жатты. Жээнбеков партер абалына барбай, атаандашына таамай соккулары менен мүмкүнчүлүк бербей жатты. 4-раундда украиналык мушкердин машыктыруучусу анын шакирти чарчап калганын көрүп беттешти мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин туура көрдү. Муну менен Тилек Жээнбеков жеңишке жетип WEF'тин чемпиондук куруна ээ болду.

Эске салсак, украиналык мушкер JFC уюмунун чемпиондук курунун ээси. Ал JFC'нин чемпиондук куру үчүн беттеште Мыктыбек Мамасалиевди жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Suzak12
2018-03-07 01:20:12
Азамат бар экенго красавчик
0
shankol88
2018-03-07 01:45:36
Жеңишиң кут болсун.Азаматсын Алга Кыргызстан...
0
Sogushov
2018-03-07 01:59:30
Азыр [moderated]тан видеосун коруп коментин окусам ))) бул женишке бутун снг суйунуп атат екен)))
0
qwert
2018-03-07 02:13:42
Видеосун кайдан корсок болот?
0
Kanybek121195
2018-03-07 02:36:06
Оо кут болсун ошону күтүп жаттым еле
0
Kg-samsung
2018-03-07 03:01:12
Бул Жээнбеков ишеничти актады эми берки Жээнбеков да ишеничти актасын алга Жээнбековдор
+10
OFlCER
2018-03-07 04:11:47
Азиянын эки аюсун муунткан европанын аюсун, азиянын учунчу аюсу уктатыптырда молодец тилек))
+2
urmat94
2018-03-07 04:46:09
Проценко канжала болуп урушканды жакшы кором дедиле озу канга жуулуп калдыго молодец Жээнбеков
+2
altyn2015
2018-03-07 07:11:16
Азаматсын!
0
sharolli
2018-03-07 09:10:00
Ак Аюунун очун алып берди
0
ninja82
2018-03-07 14:08:30
аю деп ушул жигитти айтыш керек,эркексин иним!
+1
mirbek2211
2018-03-07 21:09:55
Азиянын арстаны
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан