WEF GLOBAL 11: Ариет Бекишов чемпиондук курун коргой алган жок. Мизамидин Пазылов жаңы чемпион

6-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын "WEF Global 11" аталышындагы эрежесиз уруш боюнча эл аралык мелдеште жеңил салмак категорияда чемпиондук курдун жаңы ээси аныкталды.

Кеченин эң башкы беттешинде 57 килограммга чейинки салмак ченинде Ариет Бекишов Мизамидин Пазылов менен күч сынашып, чемпиондук курун коргоо аракетин көрдү. Бирок бул ирет Бекишов атаандашын жеңе алган жок. 5 раундга созулган беттеште эки мушкер тең өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүп жатышты. Мушкерлер кооптуу, ылдам жана таамай соккулары менен айырмаланып бири-бирин нокаут абалына кетирүүгө аракет жасашты. Ариет Бекишов бул беттеште таамай соккулары менен өзгөчөлөнсө, Пазылов болсо атаандашын бир нече жолу кулатып тейк-даун абалын жаратканы менен айырмаланды.

5 раунддук беттештин жыйынтыгында калыстардын 2:0 чечими менен Мизамидин Пазылов чемпиондук курдун ээси аталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
duyshon.kg
2018-03-07 15:38:13
Кызыл баш алга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан