"ПСЖ" - "Реал Мадрид". Падышалык клуб Чемпиондор Лигасын 3-ирет утууга дагы бир кадам жакындады

7-мартка караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 1:45те Чемпиондор Лигасынын бүйүр кызыткан оюндарынын бири париждик "ПСЖ" футболдук командасы менен Мадрид шаарынан келген "Реал Мадриддин" ортосунда болду. Бул оюн 1/8 финалдык оюндардын чечүүчү оюну, 2 оюндун жыйынтыгында ким жеңишке жетсе кийинки баскычка өтөт.

Далайлардын кызыгуусун арттырган оюн башталды. Бул оюнда париждиктердин ишенимдүү оюнчуларынын бири Неймар майданга жаракатына байланыштуу чыга алган жок. Биринчи оюн 3:1 эсебинде падышалык клуб болгон "Реал Мадриддин" пайдасына чечилгендиктен алар чабуул жасоого шашылган жок. Мурунку оюнда утулуп жана өз үйүндө ойноп жаткан ПСЖ жааты деле гол согууга ашыккан жок. Оюндун ыргагы бир калыпта жүрүп жатты. Биринчи бөлүктүн орчундуу учуру, 20-мүнөттө "ПСЖ" оюнчусу Верратти орой ойноп сары айып кагазына ээ болду. Биринчи бөлүктүн 32-мүнөтүндө "Реалдын" оюнчусу Ковачич да орой оюн алып барып сары кагазга ээ болду. Топко ээлик кылуу боюнча эки жаат бирдей пайыздык көрсөткүчтө. Эсеп саны ачылган жок, оюнчулар 15 мүнөттүк тыныгууга кетишти.

Экинчи бөлүк башталып, оюн ыргагы биринчи бөлүккө салыштырмалуу жогорку деңгээлде жүрүп жатты. Оюндун 51-мүнөтүндө капталдан көтөрүлгөн топту Роналду башы менен сүзүп, эсеп санын ачты. Эсеп саны 0:1, Реал жааты алдыда. Оюн 66-мүнөтүнө келгенде кызуу кандуу "ПСЖ" жарым коргоочусу Верратти калыска орой кайрылгандыгы үчүн 2-сары кагазын алуу менен автоматтык түрдө кызыл кагаз алып жашыл майданды таштап кетүүгө аргасыз болду. Ортодон аз убакыт өтүп, 71-мүнөттө париждиктер эсепти 1:1ге айлантты, бул гол Каванинин атына жазылды.

10 оюнчусу менен оюн өткөрүү "ПСЖ" жаатына оңой болгон жок. 80-мүнөттө "Реалдын" жарым коргоочусу Каземиро узаткан сокку "ПСЖ" коргоочусунан жанып өтүп дарбазанын ичине түштү. Эсеп 1:2, жалпы эсепте 2:5, бул гол беттешке чекит койгондой элес калтырды. Калыс оюнга 4 мүнөт кошту, ышкырык жаңырды, "Парк де Пренс" стадионуна келген күйөрмандардын жана талаа үстүндөгү 10 оюнчунун маанайы суз.

Ошентип "Реал Мадрид" Чемпиондор Лигасынын 1/4 баскычына ишенимдүү түрдө кадам шилтеди. Кийинки баскычта "Реал" ким менен оюн алып бара турганы азырынча белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
bek-94
2018-03-07 07:45:40
Реал моладец
+10
Rasul94
2018-03-07 08:32:44
кечээ Псж женет дегендер бугун не доступен
+15
Isco23
2018-03-07 12:32:30
Rasul94,оа туура. Кайяктасынар еее чыккыла окуп кобп чыгып кетпей хиихихи,
+3
Tyty1990
2018-03-07 08:52:33
Реал азаматтар. Реалчыларды куттуктайм.
+9
FCBMESSI
2018-03-07 09:17:40
Реал жакшы эле ойноду.Жеребьевка кандай болот экен.Манчестер сити менен тушуп калса кызыктуу оюн кормокпуз
+7
Isco23
2018-03-07 12:32:58
FCBMESSI,оозуна кара таш. Барса тушот ситиге
-2
FCBMESSI
2018-03-07 14:41:07
Isco23,Сити десе эле журогун тушотго
-4
Isco23
2018-03-07 17:53:51
FCBMESSI,реалдын жанылыгынан чыгып эле
Кетчи сураныч
0
BBB88
2018-03-07 09:42:03
Ман сити Барселона биригип бир команда кылышсада жене алышпайт реалды
+11
Real_mir
2018-03-07 10:43:12
BBB88,анчалык бийик секирбей тууралык
+4
nemo2016
2018-03-07 14:41:13
BBB88,иии ары жоктор десе
0
Kanybek121195
2018-03-07 10:09:50
Финалда Бавария-Реал же Ман-сити-Реал чыкса жакшы болот еле.Хала Мадрид
+5
madrid7000
2018-03-07 10:12:04
Азамат Реал!Кийинки оюну эми АПЛдин бир командасы менен болот болуш керек.
+6
Rasul94
2018-03-07 10:46:12
мынааа бир айдан бери какшаган Псж Реалдын оюну да бутуп Реал коптордун жашын агызды.дагы бир кучтуу делген команда тургандыр. Реалга ийгилик каалайм реал финалга татыктуу команда
+4
koshoi_bolotbek
2018-03-07 11:04:08
Бул жолкусунда, Перестин буйругу мн онойураак команда тушот го
+3
Rasul94
2018-03-07 11:40:30
koshoi_bolotbek,ошондой дагы болобу Перестин буйругу дегенин кандай.
чучу кулак аземи бул табышмак эч кимге белгисиз.
+5
Isco23
2018-03-07 12:34:18
koshoi_bolotbek,перес не уефанын президенти бекен. Чучу кулакты билесинби?бул жерде акча да роль ойнобойт
+4
Ka4okrys
2018-03-07 11:22:58
Экинчи составы менен эле утуп салды го
+3
KANAATBEK
2018-03-07 13:49:44
3-ирет эмес, 3-ирет катары менен утууга кадам таштады деп теманы озгортуп койсонор туура болот ко
-3
Isco23
2018-03-07 14:41:53
KANAATBEK,айырмасы жок го. Же кыргыз тилчисинбт?
+2
jizn_voram
2018-03-07 14:59:32
Реал - Ливер түшсүн
+2
Zynk.kg
2018-03-08 00:32:17
Реалга кайсы маманда тушсода жарым финалга отот буйруса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан