Украинанын президенти бараткан кортеждеги унаа улгайган кишини сүзүп алды. Бул тууралуу жергиликтүү басмылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 6-март күнү катталган. Анда Украинанын президенти Пётр Порошенко кетип бара жаткан кортеждеги унаа жолдон өтүп бара жаткан кишини сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келип жардам көрсөтүп, жабырлануучу оор жаракат албагандыгын аныктаган.
Кырсык видео көзөмөлгө түшүп калган, анда кортеж өтүп бара жаткан маалда жол кыймылын көзөмөлдөп жаткан кызматкердин жолдон өтүүгө тыюу салып жаткан белгини көрсөтүп жаткандыгына карабастан жаран жолго чыга калып унаа сүзүп кеткенин байкоого болот.