Орусиянын Сирияда кыйраган учагында каза болгондордун саны 39га жетти

Сирияда Орусиянын Ан-26 учагынын кыйроосунан каза болгондордун саны 39га жетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Орусиянын Коргоо министрлиги учактын кыйроо себебин техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу деп болжолдоп жатышат.

"Учак Хмеймим аэродромуна 500 метр жетпей кулап түшкөн. Министрлик кырсык катталган жерден алынган баяндаманын негизинде учакка кол салуу болбогондугун, ал техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу кулаганын билдирген. Учурда аталган кырсыкка байланыштуу Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 351-беренеси (оор кесепеттерге алып келген кырсыктарга байланыштуу учуулардын же аларга даярдык көрүүнүн эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду. Бул ишти Орусиянын Башкы аскердик прокуратурасы карайт", - деп жазылат маалыматта.

Учактагы 39 адамдын баары көз жумган. Каза болгондордун арасында 27 офицер алардын ичинде 1 генерал-майор, прапорщиктер жана 6 экипаж мүчөсү болгон.

Эскерте кетсек, Орусиянын Ан-26 учагы Сириянын аймагындагы Хмеймим аэродромунда кулап түшкөнү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Totyua.71.
2018-03-07 12:37:22
жаман болуптур!Бейишин берсин!
0
Baiana
2018-03-07 13:17:25
Булар болгону 39экен, ал жерде чоңдорун айтпайлы ымыркай эле жаш балдар миңдеп өлүп атышатго эхх....((((Болгондо да ушулар үстүнөн талкалап жатышат. ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан