Кадамжай районунда Портер жана Матиз сүзүшүп, 3 адам ооруканага жеткирилди

Баткен облусундагы Кадамжай районунда кечээ, 6-март күнү болгон жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул туурасында Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн маалымдалды.

"Болжол менен саат 11:00 чамасында Daewoo Matiz жана Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, натыйжада жеңил унаадагы 2 жүргүнчү жана унаанын айдоочусу жаракат алган. Кырсык болгон жерден жабырлануучулар ооруканага жеткирилип, учурда абалдары туруктуу", - деп билдирет аталган бөлүмдөн.

Ал эми Hyundai Porter унаасынын айдоочусу жаракат алган эмес. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталып, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан