Индиянын Хайдарабад шаарынын тургуну баласынын колун кескени үчүн камакка алынды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 45 жаштагы Мохаммед Кайюм Курейши баласы Халеддин порновидеолорду көрүүгө көп убакыт бөлүп жаткандыгына ачуусу келген. Баланын атасы: "Порнографиялык видеолорду көрүү менен ал психологиясын бузуп, ийгиликтерден артта калып жатат", - деп билдирген.
19 жаштагы баласын жаман адаттан арылтуу максатында уктап жаткан учурда оң колунун билегин балта менен чаап салган. Учурда жабырлануучу ооруканада. Дарыгерлердин айтымында, баланын кесилген билегин колго бириктирип тиккен күндө деле кыймылга келиши күмөн.
Ал эми өз баласынын саламаттыгына оор зыян келтирген Мохаммед Кайюм Курейшини полиция "адам өлтүрүүгө аракет кылган" деп айыптады.