ЭЛДИК КАБАР: "Аксынын Тегене айылындагы спорт залдын курулушу 10 жылдан бери бүтпөй жатат" дейт окурман

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Тегене айылында спорттук залдын курулуш иштери 10 жылдан бери бүтпөй жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 7-мартта окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Айыл жаштары оюн өткөрүүгө, спорт менен машыгууга шарт жок. Кышкысын суукта, жайкысын жайдын саратанында сыртта ойноп келебиз. Спорт залдын курулушу 10 жыл мурун башталып, ушул кезге чейин аяктабай турат. Учурда ичине полдору кагылбай жатат", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
RusMos76
2018-03-07 10:53:46
Бутуп эле калыптыр Ашар жолу менен эле бутуруп алгыла да, Президент ачылышына келет деп кутпой, суукка тонбой!
+2
aslan_akjol89
2018-03-07 11:06:35
Калктын санына жараша эсептегенде сага алдагы зал да курулуш керек эмес эле.Бутойун деп калган зал,чыдап турсан жакында бутот го,чырылдайсын чон атана арыздангандай.Полго деген жыгач материалдары актовый залынарда жыйылып турат,озунор эле полун кагып алсанар болбойбу?Жалкоосунар,анан каяктагы спорт менен машыгасын сен,автор???
+4
molorbaev
2018-03-07 15:07:40
aslan_akjol89, туура айтасын. Нооруз майрамына карата ачылышы даярдалып жаткан спорт залды бутпой жатат маалымат жаюунун кереги жок эле. Буйруса, ушул ай ичи ачылышы болот. Элдик кабарга ошондо чыксын.
0
rejepova
2018-03-07 11:37:56
Даяр оокат экен, эми Озунор чайнап койгула аракеттенип
0
toolos1982
2018-03-07 11:43:28
Жутушу каптыр жутуп койгула
0
Ko_Ni00
2018-03-07 16:28:22
Кайдагы 10 жыл ? Кудайга карап суйлоп,бир аз сабырдуу боло туралы Тегенелик туугандар.
0
kalima88
2018-03-09 11:16:13
Чын эле көп жылдан бери турат. Тайнемдин үйүнүн арты -бул жер. Бир барганымда сүйүндүм эле,"оо,тегенеликтер дээринен аракетчил эле, эми спорт ордолуу болушса, райондон биринчиликти бербейт экен да "деп.
Бүтө элеги өтө өкүнүчтүү.

Ашар жолу мн же марафон өткөрүп бүтөрүп алгыла эми. Ийгилик!!!

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан