Бишкек шаарындагы 12-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен адамдын жансыз денеси табылды. Бул боюнча бүгүн, 7-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6-мартта саат 07:53 чамасында ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруучулары аталган дарекке барып, эшикти ачышкан. Анда болжол менен 60 жаштагы адамдын денеси табылган. Учурда өлүмдүн себептери такталып жатат.