ИИМ: "Түштүк Кореяга барам деген жарандарга виза алып берем деп алдамчылык менен алардан ири суммадагы акчаларды алып жүргөн адам кармалды"

Ош облусунун 30 жаштагы М.М. аттуу тургуну алдамчылыкка шектүү катары кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ал Түштүк Кореяга барам деген жарандарга виза алып берүү үчүн алдоо жолу менен ири суммадагы акчаларды алып жүргөн. 2-мартта Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы тарабынан ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда анын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар же жоктугу текшерилип жатат. Эгерде жогоруда кармалган адамдан жабыркаган жарандар болсо, Ички иштер министрлигинин 0 (312) 26-63-48, 0709 39-36-84, 0702 05-79-69 номурларына чалып кабарлап коюуңуздарды өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан