Папуа-Жаңы Гвинеяда күчү 6,7 баллга жеткен жер титирөө катталып, кеминде 18 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымата ылайык, бүгүн, 7-март күнү Папуа-Жаңы Гвинеяда күчү 6,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен кеминде 18 адам каза болгон. Жер титирөөнүн очогу Жаңы Гвинея аралынын чыгышында, Менди шаарынан 117 чакырым алыстыкта орун алган.
Айта кетсек, аталган өлкөдө январь айынын соңунда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болуп, 30 адам каза болгонун басылмалар жазып чыгышкан. Кийин каза болгон адамдырдын саны 50гө жеткени белгилүү болгон.