Бир жылдан бери "көз тийгенден жандырамын" деп алдап, тургундардын баалуу буюмдарын алып жүргөн өзбекстандык төрт аял кармалды (фото)

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өзбекстандык төрт аял алдамчылыкка шектүү катары кармалды. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакуновдун SUPER.KG'ге билдиришинче, алар "көз тийгенден жандырамын" деген алдоо жолу менен тургундардын баалуу буюмдарын алып жүрүшкөн. Алгач 42 жаштагы өзбек аялдын үстүнөн Каракол шаарынын 45 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал жазган арызында 8-февраль күнү белгисиз аял үйүнө келип "көз тийгенден жандырамын" деп, ошол учурда ар түрдүү үлгүдөгү төрт уюлдук телефонун алып алганын көрсөткөн. Факты боюнча Каракол ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, шектүү катары 42 жаштагы Өзбекстандын жараны кармалган.

Андан кийин милицияга дагы башка ушул сыяктуу арыздар түшүп, аны менен чогуу жүргөн деген негизде үч аял кармалды. Алар дагы Өзбекстандын тургундары болушкан.

"Кармалгандар бир жылдан бери Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүшкөн. Алгач Чүй облусунун аймагында жүрүшсө, кийин Ысык-Көл облусуна келишкен. Учурда аларга карата облустун башка райондорунан да жазылган арыздар бар", - деди Усубакунов.

Каракол ШИИБи эгерде аталган аялдардын алдамчылыгына туш болгондор болсо 102 же 0500 51-51-15 номуруна чалып коюуңуздарды өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Cleo-13
2018-03-07 18:40:30
Корунушу эле коркунучтуу го
+5
Nanei
2018-03-07 18:48:56
Озубуздун алдамчы шылуундар аз эмес эле,Эми ушулар эле жетишпей жатат эле
+5
Refiri87
2018-03-07 19:33:35
Ширкке ишенген адамдарга чала озу намаз окууп таза журсон болотко
+5
murat17
2018-03-07 20:03:46
Лолу окшойт
+8
vavilon.
2018-03-07 20:47:51
Озбекстандык Лөлүлөр экен. Бишкекте да көп өзбекстандык лөлүлөр.
+5
gulya583
2018-03-07 20:52:20
Цыган лолулорго. Кудайдын каалосу менен болот бардык нерсе, ишенбеш керек. Акчалай штраф салып, депорт кылгыла, ЛОЛУЛОР деп рейд жургузушсун погончондор. Антпесе карапайым калкты тоноп кетишет.
+6
Baku88
2018-03-07 22:53:27
Ушуларга ишенип баалуу буюмдарын алдырган адамдар да кызык
+4
Targarien
2018-03-08 01:21:56
Бир лолу колума жип ороп энди маашини 1000 сом берсангиз чечаман деди эле бербей койсом йолингиз богланип колади деп коркутту Бар жоголчу ал жибинди деп бербей койдум
+2
Akylai85
2018-03-08 05:29:30
Ошто дагы көп цыгандар айылдарга барып канчасын алдап сөйкө шакектерин алдап ордуна сары темирден окшошторду карматып кетип калгандар алар дагы арыз жазып неге номерин карап калбадыңыз десе билбейм дейт көз бойомочу аферистер
+3
Boldukan86
2018-03-08 12:14:10
Лолуго булар. Алар алдайтда.
0
admin_superstan
2018-03-08 16:05:52
Ask094, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. 3 күнгө БАН!
0
tokitok
2018-03-08 18:00:59
шумшуктор десе булар бир кишиден эле 20000 сомдон кем эмес алган. аябай байыды да алдангандар кайтарып ала алышпайт го бирок. мен билгенден эле 4 кишини алдашкан. ишенчээк адамдар кантип алданып калганын билбей калышат экен.
0
Aima94
2018-03-09 02:07:42
Бир боорум эзилди жанылыктан да комментарийлер боорду эзди. Тообо ушундай ишенип алданып калган адамдарга кызык. Депорт кылыш керек бүт лөлүлөрдү. Кебетелери түшүнө кирет
0
Bolotbek1991
2018-03-09 03:22:13
Мындайларга аялдар коп алданышат булар тээ союздан убагындада алдамчылык кылышкан экен
0
arimle00
2018-03-09 12:37:30
Озбек кино бар го. Дадам энди бойдак деген. Ошо кинодогудай кылып алдашат дааа)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан