Бүгүн, 7-мартта АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Оштун "Алай" футболдук клубу түркмөнстандык "Алтын-Асыр" менен беттешип жеңилүү ызасын тартты.
Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо орун алган беттеш 3:6 эсебинде түркмөнстандык клубдун жеңиши менен аяктады. Эсеп санын 11-мүнөттө "Алтын-Асырдын" жарым коргоочусу Мурат Якшиев ачты. Анын оң канаттан узаткан соккусун "Алайдын" дарбазачысы Абдуазиз Махкамов тосо алган жок. 19-мүнөттө Алтынмурат Аннадурдыев эсепти 0:2ге айлантты, талаанын орто бөлүгүнөн узатылган сокку дарбазанын ылдыйкы оң бурчуна багытталып, гол кирди. Бул голдорго "Алай" командасы 39-мүнөттө Ильяз Алимовдун голу менен жооп бере алды. Арадан 1 мүнөт өтпөй "Алтын-Асыр" кайрадан голдордун айырмачылыгын 2 голго айлантты. Алтынмурат Аннадурдыев экинчи голун киргизип, эсепти 1:3 кылды. Муну менен биринчи тайм аяктап, футболчулар тыныгууга кетишти.
2-таймдын алгачкы мүнөтүндө "Алайдын" оюнчусу Кожо Жоэлдин Максатбек Алимовдон пас алып, алыскы ылдыйкы бурчка узаткан соккусу таамай болуп, эсеп саны 2:3 болду. 51-мүнөттө Мурат Якшиев ылдыйкы оң бурчка таамай сокку багыттап, эсепти 2:4 кылды. 57-мүнөттө Максатбек Алимов кайрадан эсептин айырмачылыгын 1 голго жакындатты. Эсеп 3:4.
"Алайдын" футболчулары эсепти тең кылганга аракет жасаганы менен "Алтын-Асырдын" коргонусунан өтө албай, 84 жана 88-мүнөттөрдө Алтынмурат Аннадурдыевден жана Бегмурат Баевден гол өткөрүп, 3:6 эсебинде жеңилип калды.
13-мартта Оштун "Алай" командасы конокто түркмөнстандык "Ахал" футболдук клубу менен беттешет.