Өзбекстандын мурдагы башкы прокурорунун уулуна эл аралык издөө жарыяланды

Мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун баласы Алишер КадыровӨзбекстандын Ички иштер министрлиги мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун баласы Алишер Кадыровго эл аралык издөө жарыялады. Бул тууралуу ИИМге таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Алишер Рашидов "опузалап акча талап кылуу" жана "алдамчылык" боюнча шектелүүдө. 6-мартта Өзбекстандын Ички иштер министрлиги ал атасынын кармаларына он чакты күн калганда Москва шаарынан качып чыгып кеткен деп билдирүү тараткан.

Эскерте кетсек, 22-февралда Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров чоң өлчөмдөгү мамлекеттик мүлктөрдү чет өлкөлүк банктар аркылуу алып чыгып кеткени боюнча айыпталып, камакка алынган. Рашид Кадыров Өзбекстандын башкы прокуратурасын 15 жылдан ашык башкарып, 2015-жылы жумуш ордунан алынган.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 20-августунда президент Шавкат Мирзийоев прокуратура кызматкерлерин "эң чоң уурулар" деп катуу сынга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurgaz
2018-03-07 17:37:52
Шавкат Мирзиёев эркек президент.
+7
timoha81
2018-03-07 19:43:25
Биздин призидент Мирзиёевден кобуурок сабак алса онугобуз
0
Refiri87
2018-03-07 22:53:58
Шугур эле иштеп атат башка мам адамын пример кылыштын кажети жок
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан