Орок орто мектебинин директору: "Өзүнүн моюн орогучуна асынып алган кыз мектепте активдүү окуучу болчу"

Өзүнүн моюн орогучуна асынып алган 9-класстын окуучусу мектепте орто окуган, активдүү кыздардан болгон. Бул тууралуу Сокулук районундагы Орок орто мектебинин директору Айгүл Исакова SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, кызды апасы эртең менен мектепке бар деп ойготкон, ошондон кийин ал өз өмүрүн кыйган.

"Ал окуучунун биздин мектепке келгенине 2 жыл болгон. Ага чейин Күн-Туу айылында окуган экен. Арча-Бешиктен келип-кетип окучу. Сабакты орто окуган, өзүнө тың кыз болчу. Мугалимдер, окуучулар деле эмне себептен өз жанын кыйганын билбей жатышат. Классташ кыздарынын ичинен 2-3 кыз менен дос экен, алар деле себебин билишпейт.

Апасынын айтымында, 5-март күнү эртең менен кызын "мектепке бар" деп ойготкон. Ошондон кийин асынып алган", - дейт директор.

Эске салсак, 6-март күнү Бишкек шаарынын ИИББине Арча-Бешик конушунда 15 жаштагы кыз асынып алганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Учурда милиция окуянын чоо-жайын иликтөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Konfetti
2018-03-07 17:29:12
Мектепке баргысы келбеген значит что то не то окшойт.
-1
Aima94
2018-03-09 02:09:27
Жөн эле өлүп алган жок бир нерсе болуп өлдү менимче
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан