Ош шаарындагы облустук китепкананын дубалына жана терезесине "мен өлгөндөн кийин бул дүйнөнүн жакшы болушун каалайм" деп жазып кеткен адам дале табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтуусуна караганда, ыкчам тергөө тобу китепканага барып, китепкананын дубалына жана терезесине жазылган коштошуу сөздөрү боюнча иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Ал жазууну жазган адам дале табыла элек, аны издөө иштери уланып жатат.
Эске салсак, буга чейин "Салам, сен муну окуп жатканда мен жок болом. Менин өлүмүмдөн кийин бул дүйнөнүн жакшы болушун каалайм" деп белгисиз адам Ош шаарындагы облустук китепкананын дубалына жана терезесине жазып кеткен.