Өз унаасын туура эмес жайга коюп, жол көзөмөлдөгөн инспекторлордун үстүнөн кызматтык териштирүү жүрүп жатат
Буга чейин Ысык-Көл облусунда милициянын эки кызматкери кызматтык унаасын туура эмес жайга токтотуп коюп жол тосуп тургандыгы үчүн жарандын талабы менен бири экинчисине протокол толтургандыгы боюнча видео интернетке тараган. Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов учурда эки кызматкердин үстүнөн кызматтык териштирүү жүрүп жатканын SUPER.KG'ге 7-мартта кабарлады.
Анын айтымында, милиция кызматкерлери 3-март күнү Тору-Айгыр айылында өздөрүнүн унаасын туура эмес жайга токтотуп коюп унаа тосуп турушкан.
"3-март күнү эки милиция кызматкери Тору-Айгыр айылынын тушунда унаасын туура эмес токтотуп койгонун катардагы жаран көрүп калып, бирин экинчи кесиптешине карата протокол толтурткан. Азыр экөөнө тең кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Алар Кыргыз Республикасынын Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы бөлүмүнүн кызматкерлери болушкан", - деди Усубакунов.