Бишкек шаарынын Горький жана Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдөн жаран боюн таштап жиберди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.
"Бүгүн, 7-мартта Бишкек шаарынын Горький жана Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдөн бир кыз боюн таштап жиберди. Ал кандай жаракаттарды алды билбейбиз, биз бул окуядан улам өзүбүз да нес абалга туш болдук. Учурда бул жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана милиция кызматкерлери келип иш алып барып жатышат", - дейт окуянын күбөсү.