Бишкекте көп кабаттуу үйдөн боюн таштап жиберген кыз каза болду. Бул тууралуу "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
"Баялы Исакеев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен бир кыздын кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Биздин кызматкерлер окуя болгон жерге барышканда кулаган кыз каза болуп калган. Учурда аны өлүк сактоочу жайга алып кетишкен. Маркум 18 жашта болгон", - деп билдиришти "Тез жардам" кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына окуянын күбөсү Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен бир адам боюн таштап жибергенин кабарлаган болчу.