Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 7-мартта саат 12:00дөр чамасында Ош-Бишкек унаа жолунун 378-чакырымында Кара-Көл шаарынын Сары-Булак айыл аймагы аркылуу өткөн бөлүгүндө катталган.
"Бишкек шаарынын 47 жаштагы М.К. аттуу тургуну Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып рулду башкара албай калып, жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада Honda Odyssey үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу алган жаракатынан улам ооруканадан каза болгон. Аны менен чогуу унаанын ичинде 11 жаштагы кызы болгон, ал жаракат алган эмес", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Андан сырткары жеңил унаадагы каза болгон адам кызы менен Ош облусунун Кара-Кулжа районунан Бишкек шаарына, ал эми жүк ташуучу унаа Бишкек шаарынан Ош шаарына бара жатканын да кошумчалашты.