Чемпиондор Лигасы: “Ювентус” менен “Манчестер Сити” чейрек финалга аттанышты

8-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын кезектеги оюндары болуп өттү. Анда жооптук беттештер Лондон жана Манчестер шаарларында болуп өттү.

“Жакшы дагы, жаман дагы эмес, “Тоттенхэмдей”...

“Тоттенхэм” - “Ювентус” - 1:2

Голдор: Сон Хен Мин (39-мүнөт) - Игуаин (64-мүнөт), Дибала (67-мүнөт).

Биринчи оюндун жыйынтыгы – 2:2

Италиянын чемпиону “Ювентус” өз үйүндө англиялык “Тоттенхэм” менен тең чыгып калган эле. Чейрек финалга чыгуу үчүн конокто жеңиш жаратуу зарыл болчу. Оюндун алгачкы мүнөттөрү үй ээлери бул оюнда “Ювентуска” канчалык оор болорун көргөзө алды. Топко ээлик кылуудан тарта бир канча кооптуу чабуулдар дал ошол Буффондун дарбазасында жаралып жатты. Башты айланткан чабуулдардын биринде кореялык чабуулчу Сон айырмаланып, лондондуктарга ийгилик жылмайды. “Ювентус” “Ювентус” болбой калсын, эгерде мындай учурда өзүнө келе албай калса. Тажрыйбасы мол бул клуб 2-таймда 3 мүнөттүн ичинде беттештин жыйынтыгын түп тамырынан өзгөртүп коюшту. Англиялык клуб калган мүнөттөрдө чабуулдан башы чыккан жок. Бирок Кьелини менен Буффон жана дарбазанын сол темири бул күнү “Ювеге” экинчи гол кирбей турарын көргөзүштү. Тажрыйба Туринди сактады. Лондондук клубдун бул Чемпиондор Лигасындагы жүрүшү жакшы дагы, жаман дагы эмес болду. Жөн гана “Тоттенхэмдей”...

Жеңиш машинадан жеңилүү белеги

“Манчестер Сити” –“Базель” - 1:2

Голдор: Жезус (8-мүнөт) – Эльюнусси (17-мүнөт), Ланг (71-мүнөт)

Биринчи оюндун жыйынтыгы - 4:0

Чейрек финалга жолдомону биринчи беттеште эле камсыздап койгон “Манчестер Сити” өз үйүндө “Базель” менен болгон оюнду жолдоштук беттеш катары эле кабылдады. Дээрлик негизги курамды запаска калтырып койгон Гвардиола бул оюнда негизги курамга көп чыкпаган оюнчуларга мүмкүнчүлүк берди. Жеңиш машинага айланган командага дагы эс алуу керектигин ушул оюн көргөздү. Биринчи оюндан кийин намыстанып калган “Базель” көзгө толумдуу оюн көргөзүп, конокто жеңишти камсыздай алышты. “1-бөлүктө жакшы оюн алып бардык, бирок экинчисинде чабуул койгонду унутуп калдык” деп белгиледи Гвардиола. Бул оюнда англиялык футболчулар бири-бирине 978 пас жасашты, бул дагы өзгөчө рекорд болду. “Пас үчүн пас - бул футбол эмес” деп айтат буга Гвардиола.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dembele84
2018-03-08 10:37:23
Ушинтип кереги жок фотолорду жуктогондон корок кыскача видео киргизип койгулачы сураныч,же 2-3 фото жетет да.Чейрек финалда Сити-Реал,Ливерпуль-Ювентус болот го дейм )))
-2
okumushtuu
2018-03-08 10:49:00
эй дембеле сен интернеттеги балээни билесин да э эгер мээн иштесе ХХХХ кирип эле бир аз эмес эле коп эле видео корсоно болот дал ошол жактан ушул оюндарды дагы корсоно болот дембеле депеле
0
Dembele84
2018-03-08 11:16:55
okumushtuu,Башкача соз менен согойун дедим банга кирип кетем да.Сен айтканды жеп ичип бутком,уйротуп мага убара болбо ХХХХ.Мен бул жака суротту коп жуктогонун эле айттым!Мага сабак отойун деп чечкен турбайбы ХХХХ десе!
-5
Boobek_5
2018-03-08 16:20:10
Ошондо 1/8 финалга чыгышты да ээ?
0
Rasul94
2018-03-08 22:59:25
Boobek_5,1/4
+1
murat17
2018-03-08 19:15:32
Сити деле Псжга окшоп алыска баралбайт окшойт эн аутсайдерге оз уйундо утулду на принцип ойноп койушса болмок баягы эле эски карышкырлар барселона бавария реалдардын бири алат окшойт тотенхем го гостях жакшы ойнойт премер лигада дагы дома начар ойношот болчу ал сенсация деле эмес
0
Ka4okrys
2018-03-10 10:40:00
Реал чемпион буйруса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан