Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жок эле өлкөнүн атынан элчилик түзүп, жасалма документтерди даярдап, сатып жүргөн 4 жаран кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.Ошондой эле аталган маалыматта алардын батирлерин тинтүү учурунда жасалма документтерди жасоо үчүн колдонулган керектүү жабдыктар, азиат улутундагы белгисиз жарандардын сүрөттөрү, мөөр жана куралдар табылганы айтылат.
Андан сырткары, аталган "жок өлкөнүн элчилиги" Петербург шаарындагы соттордо бир нече жолу майда иштер боюнча алардын жасалма документтерин сатып алган адамдарды коргоого алганы да айтылат.