Нарында 6-класстын окуучусу дарыяга боюн таштап каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Мамбетов билдирди.
"Окуучу кыз 5-мартта саат 19:30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Кийин Нарын шаарындагы асма көпүрөдөн дарыяга боюн таштап жиберген. Жакындары бир күндөн кийин жансыз денесин дарыянын жээгинен табышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча анын бул кадамга баруусуна үй-бүлөлүк чыр-чатактар себеп болушу мүмкүн", - дейт Мамбетов.
Ошондой эле ал каза болгон кыз Нарын шаарындагы №7-орто мектептин окуучусу болгонун, ата-энеси кызынын өлүмү боюнча мектепке доосу жок экенин айтышканын да кошумчалады.