Испанияда эң эски футболдук клуб 1 еврого сатылат

Испанияда эң эски футболдук клубдардын бири "Рекреативо" 1 еврого сатылат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, футболдук клубда каржы көйгөйлөрү пайда болгондуктан улам "Рекреативого" жаңы ээ керек болуп жаткан кези. Футболдук клубдун карыздары учурда 7,6 миллион еврону түзүүдө.

"Рекреативо" жайгашкан Уэльва шаарынын бийлиги карыздарды жоюп жана футболдук клубга жаңы ээ таап койгонун билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, "Рекреативо" Испаниянын эң эски футболдук клубу болуп эсептелет. 2018-жылы футболдук клубдун негизделгенине 129 жыл болот. Азыркы тапта "Рекреативо" Испания чемпиондугунун 3-дивизионунда ойноп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurgaz
2018-03-08 12:12:04
Бир эврого кымбат эле сатат экен, бизде кыргызгазды 1сомго саттыго.
0
vavilon.
2018-03-08 12:22:57
nurgaz, 1$га сатылды кыргызгаз
+3
Azat.97
2018-03-08 16:34:32
nurgaz,1 сомго кантип сатсын
-1
Travmatolog
2018-03-08 12:25:46
1 доллар
-1
tursunbaev78
2018-03-08 21:54:37
Алып койсомбу
+1
Ernic
2018-03-09 00:06:43
tursunbaev78,Ал да 5 млн карызды толоп жатат бер
-1
tursunbaev78
2018-03-09 17:33:42
Ernic,7,6 миллион,кыялданып койдумда
0
Isco23
2018-03-09 02:53:05
Бул клуб 4 5 жыл мурун ла лигада ойнойт эле кийин дивизионго кеткен да
0
adjo_krsu
2018-03-10 03:02:25
Бул 1евро 1 адамга дегени, башкача айтканда (владелец) издептишиптир. Жалпы карызды жоюунун жолу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан