Беларустун Мозырь районунда өзүнүн балдарын өлтүргөн Кирилл Казачек өлүм жазасына тартылган. Бул тууралуу 6-мартта беларустук басылмалар "Өлүм жазасына каршы укук коргоочулар" компаниясына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 2016-жылдын 31-январь күнү болгон. "Казачек аялынын ажырашам деген дооматынан улам Мозырь районуна караштуу Наровчизна айылындагы үйүндө 9 жаштагы кызын муунтуп өлтүрүп, андан кийин 17 жаштагы уулун балка менен башына уруп өлтүргөн. Жасаган кылмышы тууралуу ал биринчи аялына өзү айтып берип, кийин милицияга да чалып айткан. Күнөөнү моюнуна алган соң ал өзүн 4-кабаттан таштап жиберген, бирок тирүү калган", - деп жазышат басылмалар.
"Казачек мурда да "бейбаштык" жана "уруп-сабоо" беренелери боюнча жоопко тартылган. "Облустук сот Кирилл Казачекти өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарган. Соттолгон Жогорку Сотко даттануу арызы менен кайрылган эмес. 2017-жылдын октябрь айынын соңунда Казачек атып өлтүрүлгөн", - деп билдирет ЖМКлар.
Айта кетсек, акыркы расмий маалыматтар боюнча, былтыр Беларуста 5 жаранга карата өлүм жазасына тартуу тууралуу соттун өкүмү чыгарылган.