27-июнда кыргызстандык спортчулар Азия оюндарына катышуу үчүн Түштүк Кореяга аттанат. Мелдеш жабык мекемеде өтө турганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, биздин өлкөнүн атынан сууда сүзүү, кикбокс, спортук бий, муай тай менен бильярд чеберлери катышат.
Сууда сүзүү боюнча: Дмитрий Александров, Александр Слепченко, Станислав Карнаухов, Василий Данилов жана Дарья Таланова, машыктыруучу Е.Петрашов;
Кикбокс боюнча: Уланбек Касымбеков, Алексей Федосеев, Сталбек Дарканбаев, Кумар Жалиев, машыктыруучу Александр Воинов;
Спорттук бий: Рамина Бикбаева, Алексей Кибкало, Татьяна Когадей, Фарух Мамаджанов, Максим Сусликов, Кристина Беликова, Эрмек Барктабасов, Сабина Айдаркулова, машыктыруучу Людмила Закржевская;
Муай Тай боюнча: Амангельди Талантов, Бекжан Матусаев, Данияр Кашкараев, машыктыруучу Елена Шевченко;
Бильярд боюнча: Кубанычбек Сагындыков, Каныбек Сагынбаев, Изатбек Ратбеков, машыктыруучу Константин Коробов.