Орусияда суунун жээгинен адамдын колу жана буту салынган мүшөк табылды

Орусиянын Хабаровск аймагында суунун жээгинен 26 түгөй адамдын колунун жана бутунун бөлүктөрү салынган мүшөк табылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Ага ылайык, алгач мүшөккө салынган адамдын колу жана бутунун бөлүктөрү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Кийин укук коргоо органдары барып аталган мүшөктү текшерип, ошол аймакта иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Ал эми аталган мүшөктөн 26 түгөй адамдын колунун жана бутунун бөлүктөрү чыккан. Тактап айтканда, буттардын кызыл ашыктан ылдыйкы бөлүктөрү жана колдун, билектен ылдый алакан жана манжалардын чогуу кесилип алынган бөлүгү табылган.

Ошондой эле аталган маалыматта табылган дене мүчөлөр, жансыз денелери табылып кийин аты-жөнү такталбаган адамдарга таандык экени, соттук-медициналык экспертиза учурунда кесилгени аныкталганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Okunboim.
2018-03-09 13:23:07
Бул дуйнодон адамдан да коркунучтуу жан зат жок экен да
+17
Batma08
2018-03-09 13:25:44
Тушунбодум кандай кесилди дейт ким кесиптир
-3
Isco23
2018-03-09 13:32:08
Batma08,данакы такталбай калгандардын мучолорун кесип экспертизага алып калат го,ошолор экен
+3
Asyl10
2018-03-09 14:13:04
Тообоо, адамдан откон айбан жок деп бекерден айтылбайт экен да, аты-жону такталбаган адамдарды кескилеп, анан колу-бутун болуп сууга таштап салыш керекпи? Бул эмне деген жырткыч заман деги? Соттук-медициналык экспертизада адамдар иштейби озу? Эртен баштарын да да мушокко салып сууга ыргытып жиберип отура беришеби аты-жону такталбагандардын дене мучолору деп? Японияда адам этин жегени уруксат берилди,эми магазиндерде адамдын эти сатылса деле тан калычтуу эмес.
+6
narime
2018-03-09 14:21:10
Керексиз, же срогу откон даары, дармектерди утилизация кылышатго ошондой эле,бул жерде ампутация болгон дене мучолорун, туура утилизация кылышкан эмес.Шалаакылык, аборт болгон туйулдукторду, ампутацияланган дене болукторун, жок кылуучу атайын болук болот, мамлекеттен акча болунот.
Эки эле жолу бар, биринчиси шалаакылык болсо, экинчиси ошол нерсеге болунгон акчаны чонтогуно салышкан да, калдыктарды колго барып ыргытып салышкан.Коррупсия везде, Россияда, да коррупсия кулачын кенен жайган.
+3
adjo_krsu
2018-03-10 02:40:55
"Декстер" - деген сериалды эстетип аткандай (негедир табышмактуу).
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан