Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан каза болгон адам Кара-Суу районунун тургуну болгон. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 589-чакырымында Жалал-Абад облусунун Сузак району жана Ош облусунун Өзгөн району чектешкен жерде катталган. Анда Honda Stream үлгүсүндөгү жеңил унаа жолго чыга калган жылкыны сүзүп алган.
"Жол кырсыгынан айдоочу ошол жерден каза болуп, ичинде бара жаткан 2 жүргүнчүсү жаракаттарды алышкан. Жаракат алган жүргүнчүлөрдүн бири Өзгөн райондук ооруканасына, экинчиси Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткирилген. Алар Сузак районунун Ынтымак айылынын тургундары 26 жаштагы А.Г. жана 36 жаштагы М.Г. аттуу тургундары болушкан. Ал эми каза болгон айдоочу Ош облусунун Кара-Суу районунун Калинин айылынын 49 жаштагы А.П. аттуу тургуну болгон", - деп билдиришти башкармалыктан.
Айта кетсек, буга чейин окурман "Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам жаракат алып, 1 адам каза болду" деп WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына кабарлаган болчу.