Чүй облусунун Аламүдүн районунда жол кырсыгынан жаракат алган 18 жаштагы адам жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор бирок туруктуу. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.
“Жаракат алган Ш.К. аттуу 18 жаштагы жаран жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын баш мээси катуу чайкалган, учурда абалы оор, бирок туруктуу. Эртең абалы бир аз жакшырса жандандыруу бөлүмүнөн палатага которобуз”, - дейт Кубатбеков.
Эске салсак, 7-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Совхоз Ала-Тоо айылында жеңил унаа жол кырсыгына учурап, 1 адам каза болуп 1 адам оор абалда ооруканага жеткирилген.