УКМК "мамлекетке 217 миллион сом зыян келтирди" деп 7 адамды кармады

УКМК 2 жыл ичинде мамлекетке 217 миллион сом зыян келтирилген факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Салык жана бажы кызматында тинтүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тинтүүлөрдүн натыйжасында коррупциялык схемаларга тиешеси бар делинип жети адам кармалды. Алардын бешөө - Салык кызматынын кызматкерлери жана экөө - менчик компаниялардын жетекчилери. Соттун чечими менен алар УКМКнын тергөө абагына камалды.

Айта кетсек, буга чейин ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында коррупциялык схеманын негизинде бюджеттик казынадан ири суммадагы каражат чыгарылып кеткендиги белгилүү болгон. Тактап айтканда, айрым юридикалык фирмалар Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөп алгандыгы тууралуу жалган документтерди жасап, салык органдарына берип турушкан. Факты түрүндө кошумча нарк салыктары төлөндү делген товарлар ири соода комплекстердеги ишкерлерге тиешелүү болгон жана алар өздөрүнүн товарларын алып келүүдө бажы жана салык төлөмдөрүн толук түрдө төлөп келишкен.

Коррупциялык схеманын негизинде ал юридикалык фирмалар 2016-жылдан 2018-жылдын башына чейин мамлекеттен 217 миллион сом каражатты мыйзамсыз кайтарып алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nurgaz
2018-03-09 12:59:54
Кармалган адамдардын атын жазып койгула
+5
Freemankg
2018-03-09 13:10:38
Жакшы! Дагы толтура кармалышы керек.
+6
TalaCSKA
2018-03-09 14:00:05
Баарын кармап соттоп турмого олтургузса анда бизде турмо жетпейт жаны турмо куруш керек . ичинде завод фабрикалары менен иштеп кайрып беришсин деп ичкендерин баардык элдин ырыскысын жеген эшектер.
+6
Abdusamat.kg
2018-03-09 14:19:00
Кызмат адамдардын 70 % соттолуп кетсе керек ачык айкын болсо баары
+5
Targarien
2018-03-09 14:44:26
Эми ким тоскоол болсо ошону камап салып чыныгы жемкорлор бийликте отурат тазалагыч болуп
+2
Kelechek1
2018-03-09 14:50:42
УКМК эми иштей баштады,ушул кыймылыңарды токтотпой уурулардын баарын кармагыла
+1
langar
2018-03-09 14:56:10
Елдин оозун жабайлы депсинерда
0
tursunbaev78
2018-03-09 17:28:26
Кармадык,камадык деп койушатта,кыйратып атабыз дешип,иш жүзүндө андай эмес
+2
Arsenal93.
2018-03-09 19:11:41
Кармалган менен соттолбой жатышпайбы.Сотто бир нерсе кылып чыгып кетишет.Биринчи сотторду кармаш керек.Чыныгы коррупционерлер ошолор
+1
jbolotov
2018-03-10 09:05:30
Элди алаксытбай 2000000000миллиард, 700000000 миллион сом кайда кеткен? Ошону таап чыккылы чыныгы АКС болсонор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан