Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн испектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 8-мартта саат 01:30дар чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылы аркылуу өткөн Ош-Бишкек унаа жолунун 323-чакырымында болгон.
"Камбар-Ата шаарынын 37 жаштагы А.А. аттуу тургуну Wolkswagen Golf II үлгүсүндөгү унаасы менен катуу ылдамдыкта келе жатып, башкара албай калып жолдун жээгинде турган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүзүп алган. Натыйжада Wolkswagen Golf II үлгүсүндөгү унаада бара жаткан 5 адам жана жүк ташуучу унаанын айдоочусу жеңил жаракаттарды алып, дарыгерге кайрылышкан. Wolkswagen Golf II үлгүсүндөгү унаада бара жаткан 5 адам тең Камбар-Ата шаарынын тургундары болушкан. Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусу 28 жаштагы У.У аттуу Ош шаарынын тургуну болгон", - дейт Сатыбалдиев.