Токтогул шаарында жол кырсыгынан 9 жаштагы кыз жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 8-март күнү саат 17:30дар чамасында Токтогул шаары аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 379-чакырымында болгон.
"Жол кырсыгында ВАЗ-2106 жана Toyota Estima үлгүсүндөгү эки жеңил унаа сүзүшүп алган. 2 унаада 3 эле адам болгон, 2 айдоочу жана Toyota Estima үлгүсүндөгү унаада айдоочунун 9 жаштагы кызы болгон. Жол кырсыгынын натыйжасында Toyota Estima үлгүсүндөгү унаада бара жаткан 9 жаштагы кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Айдоочулар эч кандай жаракат алган эмес. Учурда жол кырсыгынын себептери такталууда", - дейт Сатыбалдиев.