Бишкекте 19 жаштагы балага 24 жолу бычак сайып өлтүргөн деп шектелип эки адам кармалды

Бишкек шаарында 19 жаштагы балага 24 жолу бычак сайып өлтүргөн деп шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-мартта саат 13:30дар чамасында Бишкек шаарындагы Исанов көчөсүндөгү Чоң Чүй каналынын жээгинен 19 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылган. Анын киши колдуу болуп денесине 24 жолу сайылган бычакка окшогон курч нерседен алган жаракатынан улам каза болгону аныкталган.

"Маркумдун 19 жаштагы М.Р. атуу Бишкек шаарынын тургуну экени белгилүү болуп, анын өлүмүнө шектүү катары 2 таанышы, 19 жаштагы С.А., жана 18 жаштагы Т.И. кармалган. Кийин бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сурак берүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Karban86
2018-03-09 17:18:43
Заман кайда баратат
+4
maks94.kb
2018-03-09 17:19:19
Кебетенер менен
+5
aman0296
2018-03-09 17:49:11
1 эле жолу сайса болотко. 24 жолу сайган мыкачы айбандар экен
-4
murat17
2018-03-09 19:50:35
Ушул тазбаш 19 жашта экенби
+2
Refiri87
2018-03-09 21:21:27
Опус улутундагылар окшойт
+2
zhykyo
2018-03-10 08:47:13
Экинчиси Максимге окшош экен же мага ошондой корунуп кеттиби козун ачып койсо болмок экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан