Баткен облусунун Кадамжай районунда мыйзамсыз курал сактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, облус аймагында "Каракчы" аттуу рейд жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Марказ айылынын 42 жаштагы тургуну кармалып, үйүнөн "PERFESTA MOD FBI 8000" үлгүсүндөгү травматикалык тапанча 9 миллиметр калибриндеги 2 даана огу менен жана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу куралынын 5,6 миллиметр калибриндеги 86 даана октору табылган.
Факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.